БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. Франциянын Ницца шаарында болгон терактыдан кыргыз жарандары жабыркаган жок. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
"Кыргызстандын Франциядагы элчилиги бардык Тез жардам кызматтары менен байланышты үзбөй кармап турат", — деп айтылат маалыматта.
Кечээ Франциянын Ницца шаарында фейерверк көргөнү чогулган элди жүк ташуучу унаа аралап тебелеп, андан 85ге чукул киши каза тапкан.