Атамбаев Тереза Мэйди премьер-министрлик кызматы менен куттуктады

© REUTERS / PETER NICHOLLSУлуу Британиянын Премьер-министри Тереза Мэй. Архив
Улуу Британиянын Премьер-министри Тереза Мэй. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Англия королевасы Елизавета II Тереза Мэйди апта башында премьер-министрликке дайындаган.

БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев Тереза Мэйге анын Улуу Британиянын Премьер-министри кызматына дайындалышы менен куттуктоо телеграммасын жөнөттү. Бул туурасында президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Атамбаевдердин үй-бүлөсү Меркель менен Ала-Арча паркында сейилдеди - Sputnik Кыргызстан
Атамбаевдердин үй-бүлөсү Меркель менен "Ала-Арча" паркында сейилдеди
Мамлекет башчысы Тереза Мэйдин көп жылдык тажрыйбасы кыргыз-британ мамилелеринин мындан ары кеңейишине жана бекемделишине өбөлгө болооруна ишеним билдирген.

Куттуктоодо мамлекет башчынын Тереза Мэйге жаңы кызматында ийгиликтерди, ал эми Улуу Британия элине – тынчтык, бакубатчылык жана гүлдөп-өнүгүүнү каалагандыгы айтылат. 

Англия королевасы Елизавета II Тереза Мэйди апта башында премьер-министрликке дайындаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0