БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. Эл аралык "Манас" аэропортунан Бишкек – Стамбул аба каттамы учурунда чоочун бирөөнүн паспорту менен өтүүгө аракет кылган аял киши кармалды. Бул туурасында Чек ара кызматынан кабарлашты.
"Кечээ, Бишкек – Стамбул аба каттамынын жүргүнчүлөрүнүн паспортун текшерип жатканда 27 жаштагы кыргызстандык жаран башка аялга таандык паспорт менен өтүүгө аракет кылган", — деп билдиришти аталган ведомствонун маалымат кызматынан.
Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин кармалган аял Улуттук коопсуздук боюнча кызматтын өкүлдөрүнө берилди.