— Олимпиадага катышууну ар бир спортчу тилейт, сиз буга кантип жеттиңиз?
— Бир таймаштагы жеңишиң кийинки андан чоң таймашка жол ачат. Мен Азиянын мыкты алты мушкерлеринин катарына кирип, бирок дүйнөлүк биринчиликте утулуп калгам… Абдан жаман болдум, кейидим. Бул таймаш дүйнөлүк аренадагы алгачкы кадамым эле. Бирок андан кийин Кытайдагы Олимпиада оюндары үчүн лицензиялык тандоодо мен өзүмдүкүн алдым.
— Өз өмүрүңүздү башкаларды "кол көтөрүүгө" арнайын деп чечкенде… эмнени көздөдүңүз эле?
— Мен спортко жөн эле бирөөнү бетке-көзгө койгулайын деп келген эмесмин, бул бир топ татаал суроо. Анын артында бүтүндөй бир философия, өзүңдү өзүң бир тартипте кармоо турат. Түрдүү тактика жана ыкмалардын, туура соккулардын жардамы менен сен өзүңдүн атаандашың менен кадимкидей баарлашасың.
— Канча таймашка чыктыңыз?
— Көп. Бул спорто келгениме сегиз жыл болду. Расмий беттешүүлөрүм 148ге жетти.
— Жеңишиңиз көп болдубу же…ызалуу ирмемдерби?
— Мен мактанчаак эмесмин, ошон үчүн эсимде жок же билбейм деп коём, бирок жеңишим көбүрөөк (күлүп). Эл аралык бетештерде байгелүү орундарга чыккам, бирок республика боюнча биринчи орунду 3 жолу ээлегем. Акыркы таймаштарымды баалоодо басып коюшкан, андайлар көп болот. Калыс баалоо деген сейрек көрүнүш.
— Сиз алектенгиңиз келген жалгыз нерсе бокспу же дагы башка пландарыңыз да барбы?
— Бул менин жашоом. Мен университетти укук коргоо органдарынын тергөө иштери адистиги боюнча бүтүргөм. Аскерде атайын даярдыктагы "Пантера" аскердик отрядында кызмат өтөгөм. Бирок боксту таштаган жокмун.
— Рингге чыкканда коркунучтуу болобу?
— Башында андай мүнөттөрдө ичимде жаман уйгу-туйгу болчумун. Бул туура эмес экенин кийин гана түшүндүм. Азыр таймашка мамилемди өзгөрттүм. Коркуу сезими ээлик кылса жаман. Азыр рингге ашыкча нерсени ойго албайм.
— Кармашып жатканда машыктыруучулар өз шакиртине бир нерселерди кыйкыра беришет, бул кыжырга тийбейби?
— Таймашка кантип камданасыз, карманган кандайдыр бир ырымыңыз барбы?
— Эмоциялык маанай өтө маанилүү, кээде сүкүт чалуу жардам берет.
— Көркөм адабиятка кандайсыз?
— Азыр Антон Чеховду окуп жатам. Мага анын дүйнөгө көз карашы жагат. Сюжеттери менен каармандары анык турмуштук кырдаалдар алынган.
— Спортчулар мелдештерге жол киресин өзүлөрү төлөгөн учурлар көп. Сизде бул жагынан абал кандай?
— Мурда өзүм төлөчүмүн. Акча чогултуп, ата-энемден жардам алып, машыктыруучу да колунан келишинче көмөктөшөр эле. Азыр биздин ишибизди байкап-баалап калышты, олимпиадалык стипендия алам.
— Жашыруун болбосо, стипендиянын көлөмү канча?
— Меники 45 миң. Кыргызстан үчүн жаман маяна эмес, бирок буга чейин көп каражат жумшалган да…
— Беттешүүлөр көп болгон экен, жаракат да көп алгансызбы?
— Ансыз болбойт, төрт жолу мурдум сынган, бармактарым көп сынды, далым чыгып кетип, бир нече кабыргам да кабырылган.
— Нокаут болгонсузбу?
— Бир эле жолу… Анда ай балка тушка сокку жеп, өзөрө түшкөм. Бирок мени жыгылган абалымда беттештен көтөрүп кетишкен эмес.
— Кантип эс аласыз?
— Бош убактымда негизинен китеп окуйм, кино көрөм. Ошондой эле бийлегенди жакшы көрөм.
— Бийлейсизби? Кантип, кайдан, эмне бийлейсиз?
— Ооба, кыймылым жаман эмес, бий жылдызымын дебейм, бирок олдоксон да эмесмин (күлүп).
— Алдыда оор сынак турат, чын айтсаңыз, коркуп жатасызбы?
— Моюнда жоопкерчилик чоң. Күнүнө эки ирет машыгып жатам. Бул менин алгачкы тажрыйбам. Эң жакшысы өзүң менен өзүң иштөө, ага канча убакыт, күч жумшасаңыз, жыйынтыгы ошого жараша болот.