БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Ош облусундагы Төлөйкөн айылындагы "Ак-Буура" дарыясына төрт адам агып, алардын бирөөсү аман калды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.
Кырсык 10-июлда саат 14.45 чамасында болгон.
"Дарыянын жээгинде эс алып отуруп Нурайым Бактыбек кызы сууга түшүп кетип, аны куткарууга аракет жасаган жолдошу Кыялбек Токтосунов дагы сууга агып кеткен. Ал экөөсүн куткарууга Тилек Ормонов жана Төлөгөн Сайдуллаев аттуу жарандар дагы сууга секиришкен", — деп айтылат маалыматта.
Натыйжада Нурайым Бактыбек кызы, Кыялбек Токтосунов жана Төлөгөн Сайдуллаев суудан каза тапкан. Ал эми Тилек Ормонов оор абалда суудан алынып чыккан.