БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. Бишкек — Ош жол каттамы толугу менен тазаланып ачылгандыгы тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.
Белгилей кетсек, 6-июлдан 7-июлга караган түнү Бишкек — Ош унаа жолунун 421-чакырымында 100 миң куб метр шагыл-таш түшүп, жол жабылып калган.
Натыйжада, Кара-Көл шаарына караштуу ЖТИ-30 ишканасынан бир автожүктөгүч, бир автогрейдер жана Бишкек — Ош автожолунун ЖТИ-38 ишканасынан бир автожүктөгүч тартылган.
Учурда жол каттамы толугу менен ачылды.