Бишкек — Ош жолуна миңдеген куб метр таш түштү

Жазылуу
Саат 02:30 чамасында жолчулар таштарды тазалап, жеңил унаалар бир тараптуу каттай баштады.

БИШКЕК, 7-июл.— Sputnik. Түнкү саат 12лерде Жалал-Абад аймагындагы Бишкек — Ош унаа жолуна 10 миң куб метр таш түшүп, убактылуу жаап калды. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

"Бишкек — Ош унаа жолунун 421-чакырымында 00:30дар чамасында жаан-чачындын кесепетинен болжол менен 10 миң куб шагыл-таш түшүп, жолду жаап калган. Саат 02:30 чамасында жолчулар таштарды тазалап, жеңил унаалар бир тараптуу каттай баштады", — деп айтылат ӨКМдин маалыматында.

ӨКМ адам өмүрүнө зыян келбегендигин жана №30 жол тейлөө ишканасынын бригадасы тазалоо, кеңейтүү иштерин улантып жаткандыгын билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0