БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. Күчүктү сактайм деп сууга чөгүп кеткен жарандын жубайы Айзат Маматалиева кыз төрөдү. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Маматалиева өзү билдирди.
Буга чейин ГЭС-2 аймагында жашаган эки баласы бар кош бойлуу аялдын жолдошу март айында күчүктү сактайм деп сууга чөгүп кеткени айтылган. Үй-бүлө өтө оор абалда болгондуктан Айзат Маматалиева бир нече жумушта эмгектенүүгө мажбур экенин айткан.
"Ымыркай 3,2 килограмм салмак менен төрөлдү. Анын ден соолугу жакшы. Атын Керез деп койдук. Өзүм дагы жакшымын. Азыр үйдөмүн", — деп билдирди Маматалиева.
Эми Айзаттын үч кызы бар. Улуусу 13, ортончусу бир жарым жашта.