Күчүктү сактайм деп сууга аккан күйөөсүнөн айрылган кош бойлуу Айзаттын тагдыры

Жазылуу
Айзаттын жолдошу Чоң Чүй каналына түшүп кеткен күчүктү куткарам деп өзү суудан чыга албай калган. Эки кызын кучактап жесир калган Айзаттын ай-күнү жетип, бүгүн-эртең төрөйм деп турат.

Бишкек шаарынын жанындагы ГЭС-2 районунда жайгашкан "Кыргызстан" жаңы конушун үч кишиден турган үй-бүлө байырлап келет. Жакында аларга дагы бир наристе кошулат. Баары кадимкисиндей, болгону — үй ээси жок. Балдардын атасы төрт ай мурда Чоң Чүй каналына түшүп кеткен күчүктү куткарам деп сууда чыга албай каза болуп калган.

"3-март күнү Аламүдүн районунда "Кыргызстан" жаңы конушунун 43 жаштагы тургуну каналга түшүп кеткен күчүктү алып чыгам деп каза болду. Маркумдун сөөгү милиция кызматкерине өткөрүлдү", — деп айтылган ӨКМ тараткан билдирүүдө.

Үч айдан соң маркумдун жесири Айзат Маматалиева Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы менен маектешип, ижарага алган турак жайда күйөөсүз эки бала менен кош бойлуу болуп калуу эмне деген кыйынчылык экенин айтып берди.

"Тигүү цехинде керелден кечке иштөөгө туура келет. Кыздарымдын курсагын тойгузуп, төрөп калсам дагы бир 2-3 айга акча топтоп алышым керек. Бала торолуп калса кайра жумушка чыгам. Жардам сурап эч кимге барган эмесмин. Бирок биздин абалыбыз тууралуу билгендер Интернетке жайгаштырып коюшуптур. Ошондон кийин кир жуугуч машина менен муздаткыч белек кылышты. Кыргызстандыктардын ушундай камкор экенинен ыраазы болдум", — деди Айзат. 

Талас шаарында коммерциялык банктын кызматкери Мирлан Токтошев. - Sputnik Кыргызстан
Токтошев: агып келе жатканда куурчак деп ойлогом, бала экенин көрүп сууга секирдим…
Күйөөсү Мухтар сактап калган алабай тукумундагы ит азыр Таласта кой кайтарып жүрөт.

Айзаттын улуу кызы 7-классты аяктады. Энесинин жеңилин жерден, оорун колдон алган да ушул кыз. Азыр бир жарым жаштагы сиңдисин карайт. Жакында эле алардын үйүнө неберелерин каникулга айылга алып кетүү үчүн кыздардын чоң энеси келген. Келинин да алып кетейин дейт, бирок Айзат жумуштан куру жалак калбайын деп болбой койгон. 

Мухтар Садиев Бишкекте куруучу болуп иштеген. Айзаттын айтымында, күйөөсүнүн көзү барда ал мынчалык көп иштечү эмес. Үй ээси там салам деген тилегине жетпей калганын айткан Айзат эми ал түйшүктүн баарын өз моюнуна жүктөп отурган кези.

Жаңылыктар түрмөгү
0