БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. Россиянын Омск облусундагы Черлакс районунун чек арасынан Кыргызстандан сыр ташып келе жаткан жүк ташуучу унаа кармалганын облустук телеканал маалымдады.
"Кант-Сүт" сүт заводунда даярдалган "Голландский 45%" үлгүсүндөгү 19 тонна сыр Омск шаарына алынып келе жатканда 2-июлда кармалган.
Текшерүү учурунда ага коюлган белги жок болуп чыккан. Бирок, жүк ташуучу унаанын айдоочусу Кант шаарынын ветеринардык кызматы берген коштоочу документтерди көргөзгөн.
Учурда кармалган товар лабораториялык изилдөөгө алынды. Жүк ташуучу унаанын айдоочусу административдик жоопкерчиликке тартылды.