БИШКЕК, 7-июл.— Sputnik. Свердлов районундагы Кайыңды жаңы конушунда Кичи Чүй каналына беш жаштагы бала чөгүп кеткенин ӨКМ билдирди.
Маалыматка ылайык, кырсык кечээ 6-июль күнү саат 9.55те болгон.
Окуя болгон жерге келген куткаруучулардын баланы издеп табуу аракетинен эч майнап чыккан эмес. Наристе бүгүн да изделип жатат.