БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. Токтогулда жолдо бараткан Ford Focus унаасын таш басып, 46 жаштагы айдоочусу Ильичбек Матисаков менен 20 жаштагы келини Гүлбара Жоро кызы каза болгон. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Маалыматка ылайык, унаанын ичинде үч киши болгон. Айдоочу окуя болгон жерде набыт болсо, жаш келин ооруканадан көз жумган. Ал эми Матисаковдун жубайы 44 жаштагы Айжан Максүтова жеңил жаракат алган.
Кырсыкка кабылгандар Чүйдүн Сокулук районунун тургундары экени айтылууда.
Окуя болгон жерге келген куткаруучулар айдоочунун денесин Токтогул райондук өлүкканага жеткиришкен.