БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Жалал-Абад облусунда сел жүрүп, ички чарбалык жолдор жабыркап, көпүрөнү алып кеткенин ӨКМ билдирди.
Маалыматка ылайык, 23-июнга караган түнү саат 2:00-3:00 чамасында Аксы районуна караштуу Кашка-Суу айыл аймагында жана Кара-Суу айыл аймагында катуу жааган жаан-чачындын кесепетинен Өлөң-Булак, Тосту, Кара-Башат айылдарына баруучу жолду сел жеп кеткен. Ошондой эле Кара-Суу айыл аймагындагы Чарбак айлындагы 15 үйдүн короо жайын сел суулары каптаган.
Аксы райондук жарандык коргонуу комиссиясынын мүчөлөрү сел жүргөн аймактарга чыгып кетишти.
Ал эми Базар-Коргон районунда 23-июнда таңкы саат 6:00 —7:00 чамасында Арсланбап суусу катуу жааган жаандын кесепетинен көтөрүлүп, Кызыл-Алма айылындагы 150 жана Кош-Теректеги 250 кожолукка өтүүчү көпүрөлөрдүн тосмолорун сел суулары жеп, коркунуч жараткан.