БИШКЕК, 22-июн. — Sputnik. Жалал-Абад облусунда чагылган түшүп, 55 баш кой өлдү. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Маалыматка ылайык, Сузак районунда Алмалуу-Булак айылынын тургуну Медербек Каамытов элдин коюн алып, Күрөбөс жайлоосуна чыккан. 21-июнга караган түнү чагылган түшүп, 55 баш кой өлгөн. Анын ичинен 20 коюн адалдап союп, калган койлорун союуга үлгүргөн эмес.
Эске сала кетсек, Жалал-Абаддын Кара-Көл шаарынын токой чарбасына караштуу Суук-Дөбө жайлоосуна түшкөн чагылгандан 145 кой кырылган.