БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 22-июнь күнү Оштун Алай районунда Audi үлгүсүндөгү унаа Бүлөлү дарыясына кулап кетти. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Маалыматка ылайык, куткаруучулар бактардан көпүрө жасап, унаага жеткени менен анын эшигин ача албай коюшкан. Туурасы болжол менен 25-30 метр, тереңдиги 3 метр болгон дарыянын катуу агымынын жана ылайдан улам машинанын ичинде адамдардын бар-жогу билинген эмес.
Убакыттын кеч болуп кеткендигине байланыштуу жана өмүргө коркунуч жаралгандыктан куткаруучулар кайтып келишкен.
Айыл тургундардын айтымдарында, автоунаа 43 жаштагы жергиликтүү тургун Бактыбек Өмүровго таандык.
Белгилей кетсек, бүгүн таңкы саат 05:06да куткаруучулар кайра издөө-куткаруу иштерин жүргүзүүгө чыгышты.