БИШКЕК, 21-июн. — Sputnik. Экс-депутаттар Ашэра Халикова менен Акылбек Султановдор кызматтык батирлерин тапшырды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Жогорку Кеңеш билдирди.
Маалыматка ылайык, жакынкы күндөрү бешинчи чакырылыштын депутаттары Абдулатип Режавалиев менен Эсенгул Исаковдор да кызматтык батирин бошотуп беришет.
Эске сала кетсек, КСДП фракциясынан депутат болуп келген Ашэра Халикова өткөн аптада мандатын тапшырган. Ал эми бешинчи чакырылыштын депутаты Акылбек Султанов ошол чакырылыштан бери кызматтык батирде жашап келген.
Белгилей кетсек, буга чейин кызматтык батирден баш тартуу боюнча мыйзам долбоору парламенттен колдоо таппай калган.