БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. Түркия полициясы гей-параддын катышуучуларын кууп таратты. Бул тууралуу РИА Новости Hurriyet гезитине таянуу менен билдирди.
Маалыматка ылайык, жекшембиде 50гө чукул адам Стамбулдун Таксим аянтына чогулган. Аларды таратуу үчүн полиция кызматкерлери жаш агызуучу газ колдонгон.
Мындан сырткары, гей-парадга каршы чыккан 15 адам кармалды. Буга чейин Түркиянын расмий бийлиги парад өткөрүүгө тыюу салганы айтылууда.