БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. Кыргызстанда бир нече терактыларды жасоону пландаган, Сириядагы согуштук аракеттерге катышып келген эл аралык террористтик топтун эки мүчөсү Баткенде кармалды. Бул туурасында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызыматтан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кармалгандар Сириянын өкмөттүк аскерлерине каршы даярдыктан өтүп, согуштук аракеттерге катышып келгени аныкталган.
"Алар Кыргызстанда эл аралык террористтик топтун бөлүмүн уюштурууга аракет кылып, колго жасалган жарылуучу заттар менен өлкө аймагында бир нече терактыларды жасоону пландашкан", — деп айтылат билдирүүдө.
Кармалган жарандардын жашаган жерин тинтүү учурунда автомат, ок дарылар, граната, экстремистик адабияттар табылган.
Алар УКМКнын убактылуу кармоо жайына киргизилген.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет терроризмдин алдын алуу боюнча ыкчам-иликтөө иштерин жүргүзүүнү улантып жатат.