БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Жалал-Абадда милиция кызматкери өз жанын кыюуга аракет кылган 22 жаштагы келинди сактап калды. Бул тууралуу ИИМ билдирди.
Маалыматка ылайык, 10-июнь күнү Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаардык ички иштер башкармалыгына жергиликтүү тургундун өз жанын кыюуга аракет кылып жаткандыгы тууралуу билдирүү түшкөн.
"Өз өмүрүнө кол салган келин мистенин дарагына асынып алган. Окуяга күбө болгон жигиттер кызды сактоого үлгүргөн. Анткен менен кыз эс-учун жоготуп, дем алуусу начарлай баштаган. Окуя болгон жерге келген милиция кызматкери жасалга дем алдыруучу көнүгүүлөрдү жасап, жабырлануучуну өлүмдөн алып калган", — деп айтылат маалыматта.
Учурда кыздын абалы туруктуу. Милициянын билдиришинче келиндин турмушка чыкканына бир айга жете элек болчу. Жабырлануучу бул кадамга эмне үчүн барганын өзү түшүнбөй турганын билдирген. Ал үй-бүлөдө уруштар болбогонун кошумчалаган.
Келиндин жакындары милиция кызматкери Токтосун Саралаевге жана жергиликтүү тургун Арзымбек Балакбаевге ыраазычылык билдиришкен.