00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Праздник, шашлык и скандал: почему длинные выходные опасны для многих семей
08:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Кыргызстандын жапайы жоогазындары: жоголуп кетүү коркунучу жана аларды коргоо чаралары
09:05
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
4 мин
Тема дня
Административная реформа в КР: политолог — о логике изменений и следующем этапе
10:04
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
ЕАЭБдеги транспорттук-логистикалык интеграция кандай абалда — транспорттук коридорлорду өнүктүрүү, санариптештирүү
11:04
25 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Баткенде "Айгүл гүлү" эл аралык фестивалы өтөт. Иш-чараны дүйнөлүк деңгээлдеги брендге айлантуу мүмкүнбү?
11:31
26 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Кызматкердин укугу — биринчи орунда: бүгүнкү күндө кесиптик бирликтердин ролу кандай?
13:04
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

"Кумтөрдүн" чоңдоруна жаңы кылмыш ишинин ачылышы боюнча маалыматка УКМК эмне дейт?

© AFP / VYACHESLAV OSELEDKO "Кумтɵр" алтын кенинин кызматкери. Архив
Кумтɵр алтын кенинин кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Кумтɵр Голд Компани" ишканасына буга чейин Башкы прокуратура тарабынан кылмыш иши козголуп, компанияда тинтүү жүргөн.

БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. "Кумтɵр Голд Компани" (КГК) компаниянсынын жетекчилерине Кыргызстандын Башкы прокуратурасы тарабынан жаңы кылмыш иши козголгонун аталган ишкананын сайты жазып чыкты. 

Анткен менен маалыматта кайсыл жетекчилерге карата кылмыш иши козголгону так айтылган эмес. 

"Башкы прокуратура тарабынан КГКнын аты аталбаган бир катар жетекчилерине карата жаӊы кылмыш иши козголду. Аларга кызматтык милдеттерин ашкере пайдаланган, "Кумтɵрдүн" активдерин жоготууга алып барган деген жүйөөлөр менен өлкө кызыкчылыгына зыян келтирүү айыбы тагылууда", — деп жазылат маалыматта. 

Аталган маселе боюнча Sputnik Кыргызстан агенттиги Башкы прокуратуранын маалымат кызматынын өкүлү Алмамбет Абдыраманов менен байланышканда "Кумтөр" боюнча иш толугу менен УКМКга өткөрүлүп берилгенин айтты.

Ал эми УКМКнын маалымат катчысы Рахат Сулайманов "Кумтөр" боюнча тергөө иштер улантылып жатканын айтып, тергөө кызыкчылыгы үчүн маалымат бере албастыгын билдирди. 

Ак үй. Архив - Sputnik Кыргызстан
Өкмөт Centerra Gold Inc. компаниясынын сотко берүү боюнча билдирмесине жооп берди
Эскерте кетсек, Бишкектин район аралык соту Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын "Кумтөр Оперейтинг Компани" (КОК) ишканасына каршы экологиялык дооматтарын канааттандырып, айлана-чөйрөгө зыян келтиргени үчүн аталган компанияны 6 миллиард 698 миллион 290 сом (98,4 миллион доллар) төлөп берүүгө милдеттендирген. Буга чейин дагы бир 663 миң 839 сом өндүрүү боюнча арыз канааттандырылган.

Ал эми 2016-жылдын 3-июнунда "Кумтɵр" тарабынан курчап турган чɵйрɵгө зыян келтирген, ал үчүн 220 миллион доолар кошумча төлөм жүргүзүүсү зарыл деген КРдин Айлана-чɵйрɵнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин доосу Бишкек шаарынын райондор аралык сотунда каралган. Чечимге ылайык, КГКга мүлкүн же активдерин берүү, дивидендерди бɵлүштүрүү жана тɵлɵп берүүгө, айрым финансылык операцияларды жасоого тыюу салынган. 

Мындан сырткары, КГКнын айрым чет элдик жетекчилерине өлкө аймагынан чыгып кетүүсүнө тыюу салынган. Белгилей кетсек, буга чейин 28-апрель күнү Башкы прокуратура, УКМК, ИИМ жана Экономикалык кылмыштуулукка каршы мамлекеттик кызматы тарабынан КГК ишканасында тинтүү жүргүзүлгөн. 

Ал оротодо Centerra Gold Inc. компаниясы Кыргыз өкмөтүн эл аралык арбитраждык сотко берүүгө ниеттенип жатканын кабарлаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0