00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
6 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Ежедневные новости
08:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Максимальный репост
История Победы через семью: в Бишкеке подвели итоги конкурса школьных сочинений
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары: “Биримдик кербени” маданий долбоору кандай ишке ашат?
13:05
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Невролог Бабаджанов о причинах задержки речи у детей, лечении и мифах о «народных методах»
14:04
53 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Кесилбестен жана оорутпастан дарылоо — уролог лазердик хирургия тууралуу
15:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Сила добрых дел: как фонд «Help the Children — SKD» помогает детям бороться за жизнь
16:04
51 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Жаңы жылдык дасторкон — берекенин жана ынтымактын белгиси
17:04
52 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
От импорта к производству: как меняется мукомольная отрасль Кыргызстана
18:07
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Туяк
Атасы мамлекеттик маанилүү кызматта болсо сакмалда иштеген Роза Акназарова
19:06
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Кесилбестен жана оорутпастан дарылоо — уролог лазердик хирургия тууралуу
21:04
45 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Өкмөт Centerra Gold Inc. компаниясынын сотко берүү боюнча билдирмесине жооп берди

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүАк үй. Архив
Ак үй. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин Centerra Gold Inc. компаниясы кыргыз өкмөтүн арбитраждык сотко бергенин айткан. Соттун жыйыны Стокгольмдо өтөт.

БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. Кыргыз өкмөтү өз дарегине Centerra Gold Inc. компаниясынын юридикалык кеңешчиси — "Саливан энд Кромвель" юридикалык компаниясынан кат келип түшкөнүн, анда ал компаниянын атынан Кыргызстандын мамлекеттик органдары менен болгон талаш-тартышты арбитраждык сотко берүү ниети тууралуу кабарлаганын маалымдайт. 

Кумтөр кени. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сот жана Кумтөр. Экологиялык жаңжал эмнеге алып келиши мүмкүн
Катта канадалык тараптын мамлекеттик органдардын экологиялык талаптары, кенди пайдалануу планын жактыруу жана Кыргызстандын Башкы прокуратурасынын, ошондой эле башка укук коргоо органдарынын "Кумтор Голд Компани" (КГК) ишканасына карата аракеттери боюнча келип чыккан маселелер жана талаштар боюнча жүйөлөр келтирилет.

Кыргыз өкмөтү курчап турган чөйрөнү коргоо маселеси дүйнөдөгү ар бир мамлекет үчүн артыкчылыктуу багыт болуп саналарын, ар бир өлкөдө экологияга байланышкан маселелер курчап турган чөйрөнү коргоонун эл аралык деңгээлде кабыл алынган принциптерине негизделген улуттук мыйзам чыгаруу аркылуу жөнгө салынарын белгилейт.

"Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын соттук доосу 2013-жылы экологиялык мыйзамдардын бузулушу боюнча аныкталган фактылардын негизинде жөнөтүлгөн. Ал убакыттан бери доолор бекитилген тартипте республиканын соттук органдарында каралууда", — деп айтылат билдирүүдө.

Министрлер кабинети мындан мурда Centerra Gold Inc. компаниясы менен сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө өкмөт тараптан экологиялык соттук талашты сотко чейин жөнгө салуу аракеттери болгонун билдирет. Жоопто канадалык тарап менен бир пикирге келише албагандык сүйлөшүүлөр процессинин натыйжасыз жыйынтыкталышынын себептеринин бири болгону айтылат.

"Ошол эле учурда КГК мамлекеттик органдардын экологиялык мыйзамдардын бузулушун жоюу боюнча эскертүүлөрүн этибар алган жок, ал эми Centerra Gold Inc. компаниясынын аталган маселеге кызыгуусу байкалбайт. Башкы прокуратура жана башка укук коргоо органдары да мыйзам тарабынан орнотулган ыйгарым укуктарынын алкагында аракеттенүүдө. Иликтөө иш-чаралары уланып жатат, кандайдыр бир укуктук баа берүү иликтөөлөр толук жыйынтыкталган соң гана болушу мүмкүн", — деп айтылат билдирүүдө.

Учурда өкмөт КРдин мамлекеттик органдары менен болгон талаш-тартышты арбитражга берүү ниети тууралуу кабарламага негизделген Centerra Gold Inc.компаниясынын доолорун тыкыр иликтөөдө. Өкмөт келерки кадамдарын ар тараптуу укуктук талдоонун жыйынтыктарынын негизинде маалымдайт.

Кумтөр Оперейтинг Компани (КОК) ишканасынын кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Centerra: "Кумтөр" 1-июлда токтоп калышы мүмкүн
Буга катар Centerra Gold Inc. ишканасы компаниянын жалпы акционерлеринин кызыкчылыгы үчүн талаштуу маселелерди чечүү боюнча пикир алмашуу максатында кеңешмелерди өткөрүү мүмкүндүгүн жана ага даяр экендигин жокко чыгарбайт.

Кыргыз өкмөтү конструктивдүү баарлашуу жүргүзүлүүсүн жактайт.

Кыргыз тарап Centerra Gold Inc. компаниясынын башка акционерлери сыяктуу эле финансылык ачыктыктын, учурдагы жана келечектеги экологиялык жана тоо-техникалык маселелердин комплекстүү чечилүүсүнүн негизинде "Кумтөр" долбоорунун туруктуу жана натыйжалуу иш алып баруусуна терең кызыкдар.

Өкмөт "Кумтөр" долбоорун мындан ары ишке ашыруу тууралуу чечим кабыл алууда ачык-айкын иш алып барып, бардык өкмөттүк чечимдер жана аракеттер мамлекеттин жана элдин кызыкчылыгында жүргүзүлөрүн кошумчалайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0