Кол чатыр чырына эми Оштун мэри Кадырбаев кабылды

© Sputnik / Табылды КадырбековОш шаарынан мэри Айтмамат Кадырбаев. Архив
Ош шаарынан мэри Айтмамат Кадырбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ош шаарынын башчысы өзүнө тиешелүү ишти эч кимге жасаттырбастыгын, алты саны аман экендигин жана бай-манап эместигин айтты.

БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Кол чатырларды жардамчыларга карматкан дагы бир атминердин сүрөтү социалдык тармакта пайда болду. Бул сапар кол чатыр чатагы Оштун мэри Айтмамат Кадырбаевге жетиптир. Буга социалдык тармактын колдонуучулары ар кыл пикирлерин билдиришүүдө.

Facebook социалдык тармагынын колдонуучусу Айбек Бараташвили посту тартылган сүрөт. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кол чатыр кармап, аткаминерлерди мыскылдаган флешмоб жайылууда
Бир нече убакыт мурда жаандан жардамчысынын жардамы менен калкаланып турган эки атка минердин сүрөттөрү жарыяланган. Интернет колдонуучулар алардын бирин Бишкек шаарынын прокурору Нурлан Сулайманкулов дешсе, экинчиси Ош облусунун губернатору Таалайбек Сарыбашев экени билинген. 

Бул сапаркы сүрөт кыязы, Ош шаарында өткөн эл аралык "Этно маданият" фестивалында тартылган.

"Кол чатыр баяны" ага жеткендиги боюнча Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына маалыматы жоктугун айтты.

"Ал сүрөттү көргөн жокмун. Ооба, ошол күнү (Этнофестиваль жыйынтыкталган күн – ред.) жамгыр жааган. Билбейм, ким көтөргөнүн, мен аны көтөр деп мажбурлаган жокмун. Эгерде көтөрүп турса эмнеси бар экен? Эмне жамандык көрүп жатасыздар мындан? Социалдык тармактарда жаза беришсин, бул алардын өзүнүн иши да", — деди мэр Кадырбаев.

Ош шаарынын башчысы өзүнө тиешелүү ишти эч кимге жасаттырбастыгын билдирип, бай-манап эмесмин деген пикирин кошумчалады.

"Кызматчылар мага кол чатыр кармап берсин деген ниетим, оюм жок, көттөртүрбөйм дагы. Мен өзүмө тиешелүү ишти эч кимге жасаттырбайм, эки колум, эки бутум аман-эсен. Мага кол чатыр кармап бер дегендей бай-манап эмесмин", — деди Ош калаасынын мэри.

Ал эми бул сүрөт социалдык тармакка чыккандан кийин аны бир катар интернет колдонуучулар какшыктап, терс пикирин билдиришти.

"Атаны кызталактар, отуруштары деле жарашып калыптыр. Туура түшүнүңүздөр, буларга зонтик кармоого статусу туура келбейт го, тектүү бийлердин тукумдары", — деп жазды Рамазан Тасма деген аккаунттун ээси.

Германиянын канцлери Ангела Меркель Эмсбюрен шаарындагы бала бакчага болгон сапарында - Sputnik Кыргызстан
Өлкө лидерлери жаан алдында же атка минерлер үчүн кол чатыр
Ал эми бир катарлары бул жерден эч кандай кынтык издештин кереги жоктугун, мунун жакшы жактарын ойлоо керектигин айтышты.

"Элге баары бир, эч нерсе жакпайт! Эмнеге жакшы жагын ойлобойсуңар… же силердин сөзүңөрдөн бир нерсе, өзгөрдүбү?",— деп жазды Максат Исакова аттуу интернет колдонуучу.

Буга чейинки кол чатыр чырында өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Таалайбек Сарыбашев жардамчысы аны жаандан калкалап турганын байкабай калганын билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0