Эртең Кыргызстанда жаан жаайт

Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

БИШКЕК, 11-июн. — Sputnik. Эртең, жекшемби күнү Кыргызстандын айрым аймагында жаан жаай турганын Кыргызгидромет билдирди.

Бишкек жана Ош шаарларында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы болжол менен түнкүсүн 20…22 градуска чейин, ал эми күндүз 33…35 градуска чейин көтөрүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетип, тоолуу аймактарда жаан жаап, күн күркүрөйт.

Жаңылыктар түрмөгү
0