Жээнбеков россиялык кесиптешине куттуктоо жолдоду

© Sputnik / Табылды КадырбековПремьер-министр Сооронбай Жээнбеков. Архив
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөт башчы Медведевге жооптуу ишинде мындан аркы ийгиликтерди, ал эми боордош Россия элине тынчтык жана гүлдөп-өнүгүүнү каалады.

БИШКЕК, 11-июн. — Sputnik. Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков РФ өкмөтүнүн төрагасы Дмитрий Медведевди Россия күнүнө байланыштуу куттуктоо жолдоду.

Эскерте кетсек, мамлекеттик майрам — Россия күнү 12-майда белгиленет.

Өкмөт башчы Медведевдин жакында эле Кыргызстанга болгон расмий сапарын эске салып, ал кыргыз-орус мамилесин мындан да чыңдарына үмүт артты.

"Сиздин расмий сапарыңыздын алкагында жетишилген бардык макулдашуулардын ишке ашырылышы кыргыз-россиялык кызматташтыктын мындан аркы көп тармактык өнүгүүсүнө, мамлекеттерибиздин ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктүн жана союздук мамилелердин бекемдөөсүнө жакшы түрткү берет деп ишенем", — деп айтылат куттуктоодо.

Жээнбеков Медведевге жооптуу ишинде мындан аркы ийгиликтерди, ал эми боордош Россия элине тынчтык жана гүлдөп-өнүгүүнү каалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0