БИШКЕК, 11-июн — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев Россиянын башчысы Владимир Путинге Россия күнүнө байланыштуу куттуктоо жолдоду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Атамбаев өз сөзүндө Россия өнүккөн демократиялык мамлекетти куруу жолунда ишенимдүү баратканын, өлкөнүн эл аралык бедели күндөн күнгө өсүп жатканын белгиледи.
"Биргелешкен аракеттердин аркасында кыргыз-россиялык стратегиялык өнөктөштүк биздин өлкөлөр менен элдердин жакшылыгы үчүн мындан ары да чыӊдала берет деп ишенем", — деп айтылат куттуктоодо.
Президент бүткүл Россия элине бакыт-таалай, бакубатчылык жана гүлдөп өнүгүү каалады.