БИШКЕК, 10-июн. — Sputnik. Бишкек шаардык кайгуул милициясынын башкы башкармалыгынын кызматкерлери 6-июнда Фучик көчөсүнө жакын жайгашкан жолдон жарылган газ ташуучу унаадан каза болгондорду эскерди. Бул тууралуу Бишкек ШИИБдин патрулдук милиция башкармалыгы билдирди.
Эскерте кетсек, 6-июнь күнү газ ташуучу унаа жарылып, андан 11 киши жабыркаган. Күйүп калгандардын алтоо оор абалда №4 оорукананын реанимациясына жаткырылган. Кийин алардын үчөө каза болгон.
Медициналык кароодон өткөн милиция кызматкерлери 20 литрден ашык кан тапшырышты.