БИШКЕК, 10-июн. — Sputnik. Борбор калаада эскилиги жеткен жылуулук түйүндөрүн жаңыртуу иштери жүрүп жатканын шаардык мэрия билдирди.
Маалыматка ылайык, учурда шаардык оорукананын казан мешинин 310 метрге жеткен түйүнү алмаштырылып бүттү.
Мындан тышкары, Жумабек көчөсүнөн Рыскуловго чейинки Ала-Арча көчөсүндөгү оңдоо иштеринен улам аталган бөлүктө жол кыймылына чектөө киргизилген.
Жылуулук түйүндөрүнүн оңдолушу 10-июнга белгиленген ысык суунун берилишине эч кандай таасир тийгизбейт.