БИШКЕК, 9-июн. — Sputnik. Кыргызстандын бардык аймагында 10-июнда күн 30 градустан жогору ысыйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Маалыматка ылайык, өлкө боюнча жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Кыргызгидромет ошондой эле күндүн ысышынан улам 11-июнга чейин республиканын дарыяларынын деңгээли көтөрүлүп, сел жүрүшү мүмкүндүгүн эскертет.
Бишкек жана Ош шаарларында күн 36 градуска чейин ысыйт. Ал эми Чүй өрөөнүндө, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облусунун дыйканчылык аймактарында 37 градуска чейин көтөрүлөт. Нарын облусунда 30 градус болсо, Ысык-Көлдө 29 градуска чейин ысыйт.