БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Айрым маалымат каражаттарына жана социалдык тармактарда бензовоздун жарылуусунан чыккан өрттү терактыларга байланыштырган маалыматы негизсиз. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Эскерте кетсек, бүгүн кечинде Бишкектин түндүк-батыш тарабында май ташыган унаа жарылып, андан ири өрт чыккан. Министрлик жарылуу өндүрүштөн улам чыккан кырсык экенин белгиледи.
Чыккан жалынды өчүрүүгө алты өрт өчүрүүчү унаа тартылган.