Эртең өлкө боюнча аптаптуу аба ырайы сакталат

© Sputnik / Табылды КадырбековАялдамада турган шаар жашоочулары. Архив
Аялдамада турган шаар жашоочулары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 15-20 метрге чейин жетиши мүмкүн.

БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Эртең, 7-июнда Кыргызстанда күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 15-20 метрге чейин жетиши мүмкүн.

"Бишкекте түнкүсүн 19…21 градус, күндүз 28…30 градуска чейин жылуу болсо, Ошто абанын температурасы түнкүсүн 19…21 градус, ал эми күндүз 30…32 градуска чейин көтөрүлөт", — деп айтылат маалыматта. 

7-8-июнь күндөрү аба-ырайынын туруксуздугуна жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0