БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Молдованын премьер-министри Павел Филипти эл аралык "Манас" аэропортунан вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев тосуп алганын КР өкмөтүнүн маалымат кызматы билдирди.
Филип 7-июнда Кыргызстандын төрагалыгы астында өтүүчү КМШ өкмөт башчылар кеңешинин жыйынына катышат.
Буга чейин Кыргызстанга РФ өкмөтүнүн башчысы Дмитрий Медведев да келген болчу.