Ишемби күнү өлкө аймагында жаан жаап, күн күркүрөйт

© Sputnik / Александр Вильф / Медиабанкка өтүүЧөптөгү суу. Архив
Чөптөгү суу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. Кыргызстандын аймактарында 4-июнда жаан жаап, күн күркүрөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Чымын-чиркейлер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Эколог: чымын-чиркейлер адамга зыян тийгизгени менен табиятка пайдалуу
Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Бишкек шаарында күндүз 28 градуска чейин ысык болсо, Ош шаарында күн 31 градуска чейин көтөрүлөт.

Кыргызгидромет ошондой эле 3-6-июнда күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү мүмкүндүгүн эскертет.

Жаңылыктар түрмөгү
0