БИШКЕК, 3-июнь — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 3-июнунаа караган түнү Бишкек шаарындагы Рыскулов көчөсүндө белгисиз жаран шаар тургунуна бычак сайып качып кеткен. Бул тууралуу Тез жардам станциясынын реанимация бөлүмүнүн жетекчиси Егор Борисов билдирди.
Анын айтымында, билдирүү саат 22:54дө түшкөн.
"Ага ылайык, Рыскулов көчөсүндө 32 жаштагы Бишкек шаарынын тургунун белгисиз жаран бычактап качып кеткен", — деди Борисов.
Жабырлануучу оор абалда Травмотология жана ортопедия борборуна жаткырылды.
Бишкек шаардык Кайгуул милициясы кылмышка шектүү жаран изделип жатканын билдирди.