Сот жана Кумтөр. Экологиялык жаңжал эмнеге алып келиши мүмкүн

© Sputnik / Владимир Пирогов / Медиабанкка өтүүКумтөр кени. Архив
Кумтөр кени. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Доочу, жоопкер жана депутат алдыдагы соттошуу жөнүндө өз пикирлерин билдирди.

БИШКЕК, 18-май — Sputnik. 14-май ишемби күнү Мамлекеттик экотехинспекция "Кумтөр Оперейтинг Компани" компаниясынын ишин текшерүүнүн жыйынтыктары боюнча Бишкектин райондор аралык сотуна жалпы суммасы 7 миллиард сомдук төрт доо арызын берди. Сот отуруму 20-майда болору күтүлүүдө. 

Доочу

Кумтɵр Голд Компани ишканасынын кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Центерранын" көз карандысыз акционерлери Директорлор кеӊешинин азыркы курамын колдоду
Мамлекеттик экотехинспекциянын өнөр жай коопсуздугу жана тоо-кен иштерин көзөмөлдөө башкармалыгынын жетекчиси Максат Абдылдаевдин айтымында, арыз берүү процесси 2012-жылдын акырынан бери уланып келет. Дал ошол кезде КРдин экологиялык жана техникалык ченемдери менен мыйзамдарын бузгандыгы үчүн инспекция компанияны сотко берген. Бирок процедуралык маселелердин айынан иш Жогорку сотко жетпей калган, эми ал баштапкы инстанцияда каралып жатат.

"Кен жайында бир катар мыйзам бузуулар аныкталып, быйыл Мамлекеттик экотехинспекция айлана-чөйрөгө зыян келтиргендиги үчүн төрт багыт боюнча сотко арыз берди", — деди Абдылдаев.

Анын айтымында, келтирилген зыяндын көлөмү 7 миллиард сомдон ашат, негизги зыянды суу жөнүндө мыйзамды жана Суу кодексин бузуу менен мөңгүлөргө жайгаштырылган 874 миллион тонна кен таштандылары келтирген. Ошондуктан зыяндын көлөмү 6 миллиард 698 миллион сомго бааланган.

"Экинчи багыты — жер корлорун бузуу, бул үчүн 106 миллион сомдук доомат коюлган. Курулуш жүрүп, таштанды жайы ж.б. уюшулуп жаткан аймактарда жердин түшүмдүү катмарын алган эмес", — дейт эксперт.

Үчүнчү арыз өнөр жай жана чарбалык саркындыларды тазалоочу курулуштардын тегерегинде топтолуп, көлөмү такталбаган уулуу жана тиричилик таштандылар боюнча 100 миллион сомго берилген. Адистин айтымында, компания аларды башка максаттар үчүн курулган жайларга чыгарып салган.

Кумтөр. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Кыргызалтын": Centerra бизге кулак салбайт, өзгөрүүгө мезгил жетти
"Петров көлүнөн сууну мыйзамсыз түрдө техникалык жана тиричилик муктаждыктарына пайдаланганы үчүн 188 миллиондук доо коюлган", — деди Абдылдаев.

Ал алгачкы сот 12-майда болуп, анда такталбаган таштандылар боюнча арыз каралганын белгиледи. Кийинки отурум 20-майда болмокчу. Абдылдаев баса белгилегендей, Мамлекеттик экотехинспекция бардык доо арыздары канааттандырылып, оң чечим кабыл алынышына аракет кылат, себеби алардын колунда төгүнгө чыгаргыс далилдер бар.

Жоопкер 

"Кумтор Оперейтинг Компани" маалымат кызматы мамлекеттик инспекциянын талаптарына 2013-жылдын январында эле жооп бергенин билдирди. 

"Азыркы кезде компания өз пикирин өзгөрткөн жок. Ал Centerra Gold Inc. компаниясынын көз карашына туура келет. Анан калса, президент Френк Херберт кечээ интервью берип, Мамлекеттик экотехинспекциянын дооматтарына карата өз көз карашын дагы бир жолу айтты", — деди маалымат кызматынын жетекчиси Марина Гаврилова.

Анын сөзүнө караганда, компания өзүнө коюлган дооматтарга макул эмес жана алар эч негизсиз деп эсептейт. 

"Кумтор Оперейтинг Компани" дайыма КРдин мыйзамдарына ылайык гана иштеп келет. Алтынды казып алуу жана кен таштандыларын жайгаштырууга байланыштуу доо арыздарда көрсөтүлгөн иш-аракеттер дайыма Кыргызстандын мамлекеттик органдары тарабынан бекитилчү. Андан тышкары, иштин бардык түрлөрү өлкөнүн мамлекеттик органдары тарабынан жыл сайын бекитилүүчү пландарда кенен сүрөттөлгөн", — деди Гаврилова.

Парламентарийдин пикири 

Жогорку Кеңештин депутаты Алмамбет Шыкмаматов Кумтөрдүн тегерегинде туңгуюк абал пайда болгонун, мындай кырдаалдын түзүлүшүнө– кыргыз тарап жол бергенин белгилейт.

"Аларга жагынуунун кереги жок болчу. Мамлекеттик экотехинспекция сотко бергени менен, компания бардык иш-аракеттерин мамлекеттик органдар менен макулдаштырып, алардын макулдугу менен жасалган дейт. Ошондуктан бул кылгандарыбыз өз башыбызга тиет дегенде, биз дал ушундай абалды айткан болчубуз", — дейт депутат.

Кумтөр кени. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кумтөрдөгү чечилбеген экологиялык маселелер кендин ишинин токтошуна алып келиши ыктымал
Эмнеси болсо да, компаниядан табиятты коргоого байланышкан бардык мыйзамдарды кынтыксыз аткарууну талап кылуу зарыл деген эл өкүлү ишти кыргыз тарап жеңип алары күмөндүү экенин белгиледи.

"Кыргызстанда утушубуз мүмкүн, бирок эл аралык аянтчада бул колубуздан келери күмөн. Ошондуктан сүйлөшүү жүргүзүп, 2009-жылдагы келишимди компаниянын кызыкчылыгын эске алуу менен, бирок Кыргызстандын пайдасына оогудай кайра карап чыгыш керек. Муну жасамайынча чыр-чатактар улана берет, анын аларга да, бизге да эч пайдасы жок", — деди Шыкмаматов.

Ишти аткарып жаткан компаниянын жетекчилигинин алмашуусу менен, жаңы келишим түзүү мүмкүнчүлүгү жаралып, мамиленин жаңы баракчасын баштоого үмүт бар экенин белгилейт депутат.

"Мындай оош-кыйыштардан акционерлердин майда-чоңу дебей, баары, ал тургай Кыргызстан да жабыркоодо. Андыктан баары ички жана эл аралык эреже-мыйзамдардын чегинде болушу керек", — деди парламентарий.

"Кыргызалтын"

Ал эми шейшембиде "Кыргызалтын" ААК Канаданын Centerra Gold Inc. алтын кен компаниясынын ишине нааразылык билдирип, анын жетекчилигинин курамын менеджменттин да, директорлор кеңешинин да деңгээлинде алмаштыруу зарылчылыгы пайда болгону туурасында билдирген. 

"Кыргызалтын" менен Centerra ортосундагы мамилелерди жакшы деп атоого болбойт, ал улам барган сайын дагы начарлап, ал эми айрым окуялар жана компаниянын Директорлор кеңешинин деңгээлиндеги чечимдер Centerra башкармалыгына жана калган акционерлерге "Кыргызалтын" натыйжалуу таасир кылгыдай мүмкүнчүлүктүн жоктугун көрсөттү", — дейт "Кыргызалтындын" маалымат кызматы.

Президент Алмазбек Атамбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда бюджет мыйзамдары иретке келтирилди
ААК кеңештин курамына Centerra тарабынан көрсөтүлгөн Бектур Сагынов, Эдуард Кубатов жана Нурлан Кыштобаевден башка талапкерлерге добуш берген жок. 

"Кумтөр" — бюджетке киреше алып келүүчү ишкана. "Кумтөр Голд Компани" ЖАК — Канаданын Centerra Gold Inc. компаниясы ишке ашырып жаткан "Кумтөр" алтын кен долбоорунун оператору. Кыргызстан Centerra Gold Inc. компаниясынын дээрлик 33 пайыз акциясына ээ, бул 77 миллиондон ашык баалуу кагазды түзөт. 

Жаңылыктар түрмөгү
0