Өлкө башчы жубайы Раиса Атамбаева менен оорукананын шартын көрүп, палаталарга кирди. Дарыланып жаткан балдар жана алардын ата-энелери, ошондой эле эмгек жамаат менен баарлашты. Атамбаев балдарга тез айыгып кетүүнү каалап, дарыгерлерге ыраазычылык билдирди.
"Эң башкысы — балдар оорубасын. Бул жөнүндө ар бир ата-эне тиленет. Балаңдын ооруганын көргөнчө өзүңдүн ооруганың жакшы. Биздин бактыбыз балдардын ден соолугу менен байланыштуу", — деди Атамбаев.
Өлкө башчы улуттук борбордун жетекчисинин милдетин аткаруучу Бактыгүл Султангазиевага 5 миллион сомдук сертификат тапшырды.