БИШКЕК, 30-май — Sputnik. "Футбол сулуусу-2016" сынагын Карина Уразова утуп алды. Бул тууралуу КРдин Футбол федерациясы билдирди.
Сынак үстүбүздөгү жылдын 14-апрелинде башталган. Ага ылайык, бардык каалоочулар сүрөтүн федерациянын электрондук дарегине жөнөтүүсү керек эле.
Конкурска жалпысынан 35 сүрөт келип түшкөн. Алардын тогузу жарым финалга тандалып, федерациянын сайтына жайгаштырылган.
Добуш берүүнүн жыйынтыгы менен финалга 1220 упай менен Элеонора Солтобаева, 1146 упай менен Камила Бабажанова жана 951 упай менен Карина Уразова өткөн.
Калыстардын тандоосу менен Карина Уразова жеңишке жетти. Ал өз видео кайрылуусунда "Барса" клубуна жана анын экс-капитаны Хави Эрнандеске күйөрмандык кыларын айткан.
Жеңүүчү аталган селки Кыргызстандын футбол боюнча курама тобун бардык эл аралык иш-чараларда коштоп жүрөт.