00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
7 мин
Личный интерес
Интернет вместо учебника: почему молодёжь лучше запоминает историю через живые форматы
16:08
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
4 мин
Экономикалык панорама
Бизнес кеңешчи учактагы экинчи учкучтайбы?
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
9 мин
Тема дня
Микрокредиты: мифы, ставки и реальность - глава АМФО о том, как устроен рынок
18:11
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
6 мин
Кеменгер
«Октябрь революциясынын бешиги». Сүлүктү шаары жөнүндө баян
19:07
53 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
9 мин
Максимальный репост
Устал отдыхать: психолог - о том, почему длинные выходные не восстанавливают
20:10
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Жылуу мезгилде сак бол! Тамактан уулануунун кантип алдын алабыз?
21:05
47 мин
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Личный интерес
Стройка будущего: Бишкек принял международную выставку строительных технологий
16:34
24 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Көз мончок
Унчукпай калба жана коркпо: жумушта жана коомдук транспортто харассментке кантип каршы туруу керек
17:06
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
8 мин
Тема дня
Кто и почему переписывает историю Великой Отечественной войны?
18:09
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
7 мин
Стоп-кадр
КМШ, Балтика жана Грузия Бишкекте чогулуп, мыкты кыска метраждуу тасмаларды аныктады
19:08
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
9 мин
Личный интерес
Голос Кыргызстана в сердце Москвы: успех Эльнуры Муктарбек
20:10
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Мектептердин жана бала бакчалардын директорлору эми кандай тандалат. Министрлер Кабинети жаңы тартипти бекитти
21:05
48 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Садык Шер-Нияз: Сариеваны күнөөлөбөйм деле, болгону трагедиябызды түшүнсө дедим

© Sputnik / Табылды КадырбековЖК депутаты Садык Шер-Нияз. Архив
ЖК депутаты Садык Шер-Нияз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Депутаттын "Манас" эпосу боюнча министрден жооп ала албагандыгы жана дегеле бул суроонун атка минерге берилиши коомчулукта бир топ талкууну жаратты.

БИШКЕК, 26-май — Sputnik. Бүгүн кыргыз коомчулугу Билим берүү, илим министри баш болуп кыргыздын байыркы — "коломсок" жана "кирич" деген эки сөзүнүн маанисин түшүнүп алгандай болду.

Кыргыз тилин үйрөнүү китебин окуп жаткан бала. Архив - Sputnik Кыргызстан
Чучукка тийген чулдур сөздөр — "достукка отунуч", "мен ойлойм", "күлкүмүштүү"
ЖК депутаты Садык Шер-Нияз министр айым Элвира Сариевага "Манас" эпосундагы тексттин мааниси сурап, министр жооп бере албай, айтор, бул социалдык тармакта бир топ талкууну жаратты.

ЖК депутаты Садык Шер-Нияз Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине министрден бул эки сөздүн этимологиясын эмес, жалпы маанисин сурап жана коомчулуктагы трагедия туурасында коңгуроо кагайын деген ниети болгондугун айтты.

"Министр биздин трагедиябыз жөнүндө түшүнсө дедим. Мейли, айтылгандар эски, түшүнүүгө кыйын сөздөр экен. Аларды которуп бер деген киши жок, тек гана тексттин маанисин сурадым. Мен аны билбейсиң деп күнөөлөбөйм деле. Болгону, 30 жыл мурда жаш бала билген сөздөрдү бүгүнкү министр түшүнбөй жатпайбы. Бул биздин чоң трагедияга бара жатканыбыз",— деди ал.

Эл өкүлү "Манас" эпосун түшүнгөндөр бир нече жылдардан кийин азайып калышы мүмкүн деген кооптонуусун кошумчалады.

"Баарыбыз билбей, унутуп бара жатпайбызбы. Коркунучтуусу — "Манасты" билип, түшүнгөндөр отуз жылдан кийин азаят. Буга бүгүн күлкү менен карасак, эртең жагдай башкача болот",— деди депутат.

Жогорку Кеңеште бүгүн өкмөттүк саат өтүп, эл өкүлдөрү анда мамлекеттик тил маселесин да талкуулаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0