00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
7 мин
Тема дня
В КР хотят внедрить Национальную программу по перинатальному скринингу: почему это важно
10:08
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
7 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Улут уңгусун түзгөн айымдар: энциклопедиянын орду жана ролу
11:08
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Почему власти решили бороться с попрошайничеством и что изменит новый закон
12:04
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
АКШ, Израиль, Иран согушу: дүйнөнү эмнеге кептейт?
13:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жазылуу
Ички иштер министрлиги жол кыймылынын эрежелерин бузган айдоочулардан жеринде планшет аркылуу тест алууну караган мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештен чакыртып алат. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов билдирди. Анын айтымында, тиешелүү тапшырманы ИИМге өлкө башчы Садыр Жапаров берген.Президент бул демилгеге карата коомчулук тарабынан айтылган негиздүү сын-пикирлерди эске алуу зарылдыгын белгилеген.
Бүгүнкү күндө өлкөнүн саламаттык сактоо системасында 2 167 төрөт, 741 гинекологиялык жана кош бойлуулуктун патологияларын дарылоо үчүн 521 орун бар. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Дамирбек Осмоновдун катышуусунда өткөн перинаталдык кызматтын 2025-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы жана 2030-жылга чейинки өнүктүрүү пландары талкууланган жыйында белгилүү болду. Саламаттык сактоо министрлиги билдиргендей, өлкөдө перинаталдык жардам медициналык тейлөөнүн баскычтуулугун жана ырааттуулугун камсыз кылган үч деңгээлдүү система боюнча уюштурулган. Жогорку деңгээлдеги адистештирилген көмөктү Эне жана баланы коргоо улуттук борбору, Адамдын репродукциясы боюнча кыргыз илимий борбору жана Ош облустар аралык ооруканасынын төрөт үйү көрсөтүп келет. Кош бойлууларды төрөткө чейинки көзөмөлгө алуу туруктуу түрдө жогору болуп, 91,7 пайызды түздү. Ошондой эле Талас жана Ош облустарында жаңы перинаталдык борборлор курулууда, бул аймактардагы айымдар үчүн адистештирилген жардамдын жеткиликтүүлүгүн жогорулатат. Программанын башкы максаты — энелерге жана жаңы төрөлгөн ымыркайларга көрсөтүлүүчү жардамдын сапатын жогорулатуу, ошондой эле өлүмдүн деңгээлин төмөндөтүү.
Бишкектин борборунда унаа токтотуу үчүн акы саатына 50 сом болушу ыктымал. Бул тууралуу мэрия билдирди.Муниципалитет шаарды зоналарга бөлүп, унаа токтотуучу жайлардын акысын 30 сомдон баштоону көздөөдө. Тагыраагы, кызыл зонада 50 сомдон, көк аймакта 40 сомдон, калгандарында 30 сомдон тариф коюу каралып жатат.Автоматташтырылган төлөм системасы киргизилсе алгачкы эки саат үчүн саатына 30-50 сом, андан кийинки ар бир саатка 20 сомдон кошуу пландалууда.Ал эми төлөмдөн качкандарга 1000-5000 сомго чейин айып салынары эскертилген.
Россия-Кыргызстан өнүктүрүү фонду Бишкектеги 450 окуучуга ылайыкталган мектептин курулушун каржылайт жана баш-аягы 1,8 миллион долларлык келишимге кол коюлду. Бул туурасында аталган фонддон кабарлашты. "Светоч" деп аталган төрт кабат мектеп эл аралык стандартка ылайыкталып, STEM-лабораториялар, робототехника жана өзгөчө балдар үчүн шарттар түзүлмөкчү. Бул билим жайы аяктагандан кийин 60 педагог иш менен камсыз болот. "Мектепте уникалдуу эл аралык "Чет өлкөдөгү россиялык мугалим" программасы ийгиликтүү ишке ашат. Анын алкагында Россиядан келген педагогдор кыргызстандык окуучулар менен алдыңкы тажрыйбалары жана билими менен бөлүшмөкчү. Мындан тышкары, окуу жайдын эл аралык уюмдар менен болгон кызматташтыгы бүтүрүүчүлөр үчүн чет өлкөнүн алдыңкы жогорку окуу жайларына тапшырууга кеңири мүмкүнчүлүктөрдү ачат", — деп фонддон билдиришти.
Жаңылыктар түрмөгү
0