БИШКЕК, 24-май — Sputnik. Маданият, маалымат жана туризм министрлиги күзүндө боло турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары тууралуу промороликти көрсөттү.
Көчмөндөр оюндары 3-8-сентябрда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өтөт.
Салтанаттын ачылышына бир катар мамлекеттердин башчылары, белгилүү коомдук ишмерлер, маданият өкүлдөрү жана 40тан ашык мамлекеттен келген спортчулар катышат.
Мелдеште командалар этноспорттун 23 түрү боюнча күч сынашат. "Көчмөн дүйнөсү" фестивалы жана башка маданий иш-чаралар Кырчын жайлоосунда, Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда жана "Рух Ордо" маданий борборунда өтөт.
Кырчын жайлоосунда 228 боз үйдөн турган уникалдуу этно-шаарча түзүлөт. Анын чок ортосуна Хан Ордо орнотулат.
Учурда ат оюндары боло турчу Чолпон-Ата шаарындагы ат майдан оңдолууда. Ал эл аралык стандарттарга туура келтирилет жана 10 миң отургуч орнотулат.