Жаңыланган ат майдан эл аралык стандарттарга туура келерин Ысык-Көл районундагы Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттиктин башкармалыгынын башчысы Адилет Абдыкадыров айтат.
Анын айтымында, учурда курулуш иштеринин 70 пайызы бүтүп калды. Жаңы ат майданында 10 миң киши отура турчу орундуктар орнотулду. Төрт кабаттуу административдик имарат жана 1 235 автоунаага ыңгайлашкан жер алдында автоунаа токтотуучу жай курулууда.
Долбоордун баасы 487 миллион сомду түзөт. Курулушту 15-августка чейин аяктоо пландалууда. Дүйнөлүк көчмөндөр оюну 3-8-сентябрда өтүп, командалар улуттук спорттун 26 түрү боюнча күч сынашат.