Жер ортолук деңизде EgyptAir компаниясына таандык учак жоголду. Анын ичинде 66 жүргүнчү жана экипаж өкүлдөрү болгон. Шри-Ланкада жер көчүп, 500 миң киши анын алдында калган. Учурда 200 үй-бүлө изделүүдө.
Коңшу Казакстанда Жер кодексине өзгөртүү киргизүү демилгесине нааразы болгондор митингге чыгууга аракет жасашты. Ал эми Кениянын борбору Найробиде полиция менен оппозиция кагылышты. Францияда эмгек реформасына каршы акция өттү.
Канн шаарында 69-кинофестиваль өтсө, Бишкекте "Кыргызстан сулуусу-2016" сынагы жыйынтыкталып, 18 жаштагы Перизат Расулбек кызы жеңишке жетти. Эми ал "Дүйнө сулуусу-2016" конкурсунда Кыргызстандын атынан катышат.

Россиянын президенти Владимир Путин Россия — Чыгыш-Батыш Азия өлкөлөрүнүн ассоциациясынын саммитинде ишкер форумунун өкүлдөрү менен жолугушууда. Сочи

Бразилиялык фотомодель, актриса жана режиссер Адриана Лима Канн фестивалында

Эс-Саура мечитинин имамы EgyptAir учагынын кулашынан төрт тууганын жоготкон кишиге көңүл айтууда

Казакстандын бир катар аймактарында жер кодексине өзгөртүү киргизүү демилгесине каршы акция болуп, митингге чыгууга аракет кылгандарды полиция кармап кетти. Сүрөттө: Алматы шаарында каршылык акциясына чыккандарды кармоо

Францияда эмгек реформасына каршы акция өттү. Анда митингге чыккан эл полиция менен кагылышты

Германиянын Лейпциг шаарында Wave-Gotik-Treffen музыкалык фестивалы башталды. Ага катышуу үчүн 20 миңдей киши келди

Лондондогу британ парламентинин жаңы сессиясынын ачылыш салтанаты. Анда XVI кылымда пайдаланылган айрым салт-санаалар колдонулат

Кениянын борбору Найроби шаарында оппозиция менен полициянын кагылышуусунан жаракат алган киши

"Бавария" футбол клубунун башкы машыктыруучусу Пеп Гвардиола жана футболчу Жером Боатенг "Боруссия Дортмунд" командасын уткандан кийин

Хоккей боюнча мелдеште Россия менен Швейцариянын командаларынын беттешиндеги күйөрмандар. Оюн 5:1 эсебинде россиялыктардын пайдасына аяктады

Берлинде "Маданият карнавалы" өттү. Анын максаты — Германиянын борбор калаасында көптөгөн маданияттын өкүлдөрү жашай турганын даңазалоо

Канаттуулар базарындагы түрдүү түскө боёлгон жөжөлөр. Пайдаланылган химиялык боёктордун канаттууларга эч кандай зыян алып келбей турганы айтылууда. Мындай ыкма Азия жана Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүндө популярдуу болуп келет. Алар кардарлардын кызыгуусун күчөтөт

Швециянын аскер аба күчтөрү жаңы муундагы JAS 39 Gripen учагын көрсөттү

Камбоджанын Кандал провинциясы кургакчылыктан жапа чегүүдө. Абанын температурасы +44,6 градуска жетти

Шри-Ланкада жүргөн жер көчкүдөн улам дайынсыз болгон 200 үй-бүлөнү издөө аракеттери жүрүүдө

Индиянын чыгышындагы Батыш Бенгалия штатында шайлоодо жеңишке жеткен партиянын өкүлдөрү ийгилигин белгилөөдө

Неаполдо 250 ашпозчу 1 860 метрлик пицца даярдашты. Аны жасоого 11 саат кетип, 2 тонна ун, 2 тонна моцеррела сыры жана 1,6 тонна помидор колдонулган

Австралияда өткөн мода жумалыгы. Сиднейде 15-май күнү ачылган бул иш-чарада Австралиянын, Азиянын жана Тынч океан аймагынын дизайнерлери өз эмгектерин калың элдин сынына койду

Кыргызстанда "Кыргызстан сулуусу — 2016" конкурсу өтүп, аны 18 жаштагы Перизат Расулбек кызы жеңип алды