БИШКЕК, 19-май — Sputnik. Абсамат Масалиев (Түштүк магистраль) көчөсүнүн чыгыш бөлүгү убактылуу жабылат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Мааалыматка ылайык, аталган кадам Масалиев, Токтоналиев көчөлөрүнүн кесилишиндеги суу түтүктөрдүн орнотулуусуна байланыштуу болууда.
Ушуга байланыштуу, 20-майдан баштап Масалиев көчөсү Токтоналиев көчөсүнөн тарта, чыгыш багытандагы кайрылып өтчү аймакка чейин жабылат.
Оңдоп-түзөө иштери кайсыл убакытка чейин созулаары белгисиз.