БИШКЕК, 15-май — Sputnik. Жалал-Абад облусунда Хизб ут-Тахрир уюмунун беш мүчөсү кармалганын Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, Хизб ут-Тахрир экстремисттик уюмунун активдүү беш мүчөсү милициянын каттоосунда турган. Анын негизинде тинтүү иштери жүргүзүлүп, натыйжада чоң көлөмдөгү экстремисттик маанайдагы материалдар табылган.
Аталган иш боюнча материалдар Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп, иликтөө иштери уланууда.