БИШКЕК, 13-май — Sputnik. "Евровидение-2016" сынагынын экинчи жарым финалы Стокгольм шаарында жыйынтыкталып, финалга дагы 10 катышуучу тандалды.
Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Латвия, Грузия, Болгария, Австралия, Украина, Сербия, Польша, Израиль, Литва жана Бельгиянын катышуучулары финалга чыгышты.
Сынактын шарты боюнча жарым финалга "Ири бешилик" өлкөлөрүнүн ырчылары катышпайт. Алар — Франция, Улуу Британия, Германия, Италия, Испания болуп эсептелет. Мындан сырткары, өткөн сынакта жеңүүчү аталган өлкөнүн ырчылары дагы жарым финалга катышпастан, түз эле финалда ырдашат.
Сынактын финалы 14-майга белгиленген.
"Евровидение-2016" 10-14-май аралыгында Стокгольмдо өтүп жатат. Себеби өткөн жылы Швециянын белгилүү аткаруучусу Монс Сельмерлев "Баатырлар" аттуу ыры менен жеңүүчү аталган. Бул Швеция үчүн үч жылдын ичиндеги экинчи жолку жеңиш болуп эсептелет.