Азербайжан менен Россия Евровидениенин финалына өттү

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүОрус ырчысы Сергей Лазарев. Архив
Орус ырчысы Сергей Лазарев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Биринчи жарым финал 10-майда болсо, экинчиси эртең өтөт. Ал эми финал 14-майга белгиленген.

БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Эл аралык Евровидение-2016 ыр сынагында Россия, Азербайжан, Нидерланд, Венгрия, Хорватия, Австрия, Армения, Чехия, Кипр жана Мальтадан келген ырчылар финалга чыгышты.

Кыргызстандык ырчы Жийдеш Идирисова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жийдеш Идирисова "Евровидение — 2016" сынагынын тандоо турунда калыстык кылды
Сынактын шарты боюнча жарым финалга "Ири бешилик" өлкөлөрүнүн ырчылары катышпайт. Алар — Франция, Улуу Британия, Германия, Италия, Испания болуп эсептелет. Мындан сырткары, өткөн сынакта жеңүүчү аталган өлкөнүн ырчылары дагы жарым финалга катышпастан, түз эле финалда ырдашат. 

Экинчи жарым финал 12-майда өткөрүлсө, финал 14-майга белгиленди. 

Евровидение-2016 10-14-май аралыгында Стокгольмдо өтүп жатат. Себеби өткөн жылы Швециянын белгилүү аткаруучусу Монс Сельмерлев "Баатырлар" аттуу ыры менен жеңүүчү аталган. Бул Швеция үчүн үч жылдын ичиндеги экинчи жолку жеңиш болуп эсептелет. 

Жаңылыктар түрмөгү
0