Наталья Аринбасарова: Кыргызстандын абасы кишинин демине дем кошот

© Sputnik / Табылды КадырбековВизит заслуженной российской актрисы театра и кино Натальи Аринбасаровой
Визит заслуженной российской актрисы театра и кино Натальи Аринбасаровой - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Актриса Чыңгыз Айтматовдун "Биринчи мугалим" чыгармасынын негизинде тартылган тасмада башкы каарман — Алтынайдын образын жараткан. Кийин Айтматовдун "Жамилия" чыгармасы боюнча тартылган кинодо Жамилиянын ролун аткарган. Өзүнүн сулуулугу жана таланты менен ал бат эле элдин оозуна алынган.

Бишкекке айтылуу актриса "Ак Илбирс" киносыйлыгын тапшыруу салтанатына катышуу үчүн келди. Наталья Аринбасарова дүйнөлүк кинематографияга кошкон салымы үчүн сыйланат.

— Кыргызстанга акыркы жолу качан келдиңиз эле?

— 2003-жылы Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө келгем. Учактан түшөрүм менен абанын өзгөчөлүгүн сездим. Адамдын башын айлантып, мас кылып жиберет (күлүп). 

— Андай деле эмес го… Машинанын көбүнөн бут коёрго жер жок…

— Өзгөчө! Баягы мен жаш кездегидей! Мурунку жубайым бул тууралуу көп тамаша кылчу. Кыргызстандын абасы менен дем алган актёрдун күчүнө күч кошулуп, таланттуу боло түшөт деп айтчу.

— Биздин актёрлор тууралуу эмне айта аласыз?

— Мен кыргыз кинематографиясынын алтын доорун абдан жакшы билем. Керек болсо киночулар өз арабызда бул феномен тууралуу көп сөз кылчубуз. Азыр да кесиптештерим мыкты иштеп жатат. Байгелери эле айтып турбайбы. Москвада да, Канныда да кыргыз тасмалары жөнүндө канча деген ой-пикирлер айтылууда…

— Сиздин карьераңыз да Кыргызстандан башталды эле…

— Ооба, мен алгачкы тасмага Кыргызстанда тартылгам. Андрон (Андрей Кончаловскйи — ред.) режиссер болчу, тасма Чыңгыз Айтматовдун чыгармасынын негизинде ("Биринчи мугалим" — авт.) тартылган. Дал ушул тасмадан кийин кинодогу жашоом башталды.

© Александр Федоров"Биринчи мугалим". Тартууга даярдык
Биринчи мугалим. Тартууга даярдык - Sputnik Кыргызстан
1/6
"Биринчи мугалим". Тартууга даярдык
© Александр ФедоровОкуу деп дегдеген Алтынай
Окуу деп дегдеген Алтынай - Sputnik Кыргызстан
2/6
Окуу деп дегдеген Алтынай
© Фото / Александр ФедоровЖарык жашоого жетелеген биринчи мугалим Дүйшөн
Жарык жашоого жетелеген биринчи мугалим Дүйшөн - Sputnik Кыргызстан
3/6
Жарык жашоого жетелеген биринчи мугалим Дүйшөн
© Sputnik / Александр ФедоровАлгачкы сезимдер
Алгачкы сезимдер - Sputnik Кыргызстан
4/6
Алгачкы сезимдер
© Александр ФедоровШыргалаң сууну кечип мектепке жол салган Дүйшөн менен Алтынай
Шыргалаң сууну кечип мектепке жол салган Дүйшөн менен Алтынай - Sputnik Кыргызстан
5/6
Шыргалаң сууну кечип мектепке жол салган Дүйшөн менен Алтынай
© Александр ФедоровАруулануу...
Аруулануу... - Sputnik Кыргызстан
6/6
Аруулануу...
1/6
"Биринчи мугалим". Тартууга даярдык
2/6
Окуу деп дегдеген Алтынай
3/6
Жарык жашоого жетелеген биринчи мугалим Дүйшөн
4/6
Алгачкы сезимдер
5/6
Шыргалаң сууну кечип мектепке жол салган Дүйшөн менен Алтынай
6/6
Аруулануу...

— Бул тууралуу кыргызстандыктардын дээрлик бардыгы билет. Ал эми бул ролго сиздин кантип макул болгонуңуз көбүбүзгө табышмак.

— Бул таланты күч, дымагы андан бетер кайнап турган, эч нерсеге карабаган чыгармачыл топ болчу. Эмнени кантип тартуу керектигин мыкты билген.

— Ушу тапта биздин тасмага тартылууга сунуш түшсө макул болор белеңиз?

— Бул жерде иштеген таланттуу адистер менен иштешүүгө, албетте, макул болмокмун. Менин карьерам ушул жерден башталды да. Ал кезде 17 жашта эле болчумун. Азыр 70 жашты таяп калдым (күлүп). 

© Sputnik / Табылды КадырбековЧыңгыз Айтматовдун "Биринчи мугалим" чыгармасынын негизинде тартылган тасмада башкы каарман — Алтынайдын образын жараткан Наталья Аринбасарова
Визит российской актрисы театра и кино Натальи Аринбасаровой - Sputnik Кыргызстан
Чыңгыз Айтматовдун "Биринчи мугалим" чыгармасынын негизинде тартылган тасмада башкы каарман — Алтынайдын образын жараткан Наталья Аринбасарова

— Көп жылдыздар менен тартылсаңыз керек?
— Акыркы тасмада Жерар Депардье менен иштештик.

— Кадимки жашоосунда деле ушундай сүймөнчүктүү бекен?
— Андан да жакшы экен (күлүп).

— Чыгармачылыкка, ишке өтө көп көңүл бөлүп иштеп келгенсиз. Жеке турмушка кантип убакыт тапчу элеңиз?

— Менин жеке жашоом жумуштан башталды. Менин алгачкы режиссерум да, алгачкы сүйүүм да биринчи жолдошум Андрон Кончаловский болду… Бирок бир нече жылдан кийин экөөбүз эки ача жолго түштүк. Мен ал кезди жакшы маанай менен эстейм. Андан кийин эки жолу турмушка чыктым. Бирок азыр жалгызмын. 

© Sputnik / Табылды КадырбековНаталья Аринбасарова жана Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Фархад Бекмамбетов
Советская и российская актриса театра и кино, заслуженная артистка РСФСР Наталья Аринбасарова и заместитель министра культуры КР Фархад Бекмамбетов - Sputnik Кыргызстан
Наталья Аринбасарова жана Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Фархад Бекмамбетов

— Төгөрөгү төп келген мырза сиз үчүн кандай болушу керек?
— Менин жанымда андай адам бар. Кеменгер аялдай болуп мен аны өзүм тарбиялап алдым. Алгач төрөп, анан тарбияладым (күлүп). Бул — менин уулум.

— Улгайган кезде деле сүйүүгө туш болуу мүмкүнбү?

— Албетте, 70 жаштагы мен деле сүйүүгө кабылышым толук ыктымал. Негизи кыргызстандык мырзалардын алибеттүүлүгүн айтайын дедим эле. Жашыраак кезимде балким кыргыз жигитке турмушка чыкмакмын.

— Сиз азыр деле абдан татынакай, келишимдүү экенсиз?

Первому учителю — 50 лет или Почему Кончаловский снял обнаженку - Sputnik Кыргызстан
"Биринчи мугалим" 50 жашка толду
— Бул мен өзүмдү улгайган деп эсептебегенимен болуш керек… Балдарым мага "айпад" белек кылышты. Селфи жасабасам да кнопкаларды жөн эле баскылай бербейм (күлүп).

— Ушу келгениңизде Кыргызстандан эмне күтөсүз?

— Таланттуу кесиптештерим менен жолугам. Айрымдарынын мүрзөсүнө барарым өкүндүрөт… Бирок барам.

Жаңылыктар түрмөгү
0