1990-жылдан бери Бишкектин кандай болуп өзгөргөнүн Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган интерактивдүү инфографикадан көрүңүз.
Быйыл Кыргызстандын борбору 138 жылдыгын белгилөөдө. 1880-жылы Пишпек уездинин калкы болгону 500 адамды түзгөн. Октябрь революциясынын маалында тургундардындын саны 17 миңге жеткен. Ал эми СССРдин убагында борбор калаанын калкы 35 эсеге көбөйүп, 1989-жылы Фрунзеде 611 миң киши жашаган.
Мэриянын маалыматы боюнча, 1989-жылдан бери шаардын айланасында алгачкы "Ак-Өргө", "Ала-Тоо", "Көлмө", "Ак-Босого", "Маданият" жаңы конуштары түптөлө баштаган.
Кылым тогошор 1999-жылы калктын саны 151 миңге көбөйүп, 762 миң жашоочуну түзгөн. 10 жылдан кийин — 2009-жылы борбордо 832 миң 500 бишкектик жашаган.
Инфографика АКШнын Landsat, USGS геологиялык кызматынын спутник маалыматы боюнча түзүлдү. Материалда көрсөтүлгөн шаардын чеги расмий болуп эсептелбейт.
Ал эми Бишкектин айтылбаган тарыхы жана архитекторлордун эскерүүсүн төмөнкү материалдан окуңуз>>