БИШКЕК, 10-май. — Sputnik. Өкмөт башчысы Сооронбай Жээнбековдун маалымат катчысы болуп мурдагы журналист Чыңгыз Эсенгул уулу дайындалды. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Буга чейин Чыңгыз Эсенгул уулу "Алмаз-Нарын" радиосунда, КТРКда жана Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматында иштеген. Үй-бүлөлүү, бир кыздын атасы. Жубайы Гүлшан Кулматова КТРКда эмгектенет.
Буга чейинки өкмөт башчы Темир Сариевдин маалымат катчысы болуп Бакыт Асанов иштеген.