БИШКЕК, 9-май — Sputnik. Бүткүл дүйнөлүк кулатуу Эр таймаш федерациясынын бешинчи турнири (WEF-5) 15-май күнү Бишкек шаарында өтөт. Бул тууралуу Дүйнөлүк Эр таймаш федерациясынын Кыргызстандагы өнүктүрүү мүдүрү Сейтек Оморов билдирди.
Турнир Чечен Республикасынын бүткүл дүйнөлүк эр уруш чемпионаты WFCA — World Fighting Championship Akhmat (Рамзан Кадыровдун клубу) менен биргеликте уюштурулууда.
Мелдеште Кыргызстан, Россия (Чечня), Иран, Украина, Азербайжан, Казакстан жана Өзбекстандын мушкерлери күч сынашат.