БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik. Борбор калаадагы Ахунбаев жана Малдыбаев көчөлөрүнүн кесилишинен жеке Тез жардам кызматынын автоунаасы башка машина менен кагышты. Бул тууралуу шаардык Тез жардам кызматынан билдиришти.
"Жол кырсыгынан жеке Тез жардам кызматынын дарыгерлери менен айдоочусу жабыр тартты", — деп аталган кызматтан маалымдашты.
Жабыркагандар Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборуна алып келинген.
Ал эми Тез жардам кызматынын автоунаасы менен кагышкан машинанын айдоочусу ооруканага баруудан баш тарткан.